Ата мекендик өндүрүштөгү жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт жана ID паспорт

Sputnik
Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспорттор бериле баштады. Буга чейин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору Германияда, ID-карта Түштүк Кореяда чыгарылып келген. Жаңы жалпы жарандык паспортко 30, ID-картага 20 коргоо элементи коюлган. Ошондой эле ID-картанын үлгүсүнөн жаңы желекти көрүүгө болот. Ушул жана башка суроолорго Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Садамбеков жооп берди.