Инвестициялык кодекс иштелип жатат — эмнелер өзгөрөт, кандай жаңы талаптар коюлат?

Sputnik
Чет өлкөлүк түз инвестициялар негизинен тоо-кен казуу, өндүрүш, транспорт, турак жай жана маалыматтык байланыш тармагына тартылган. Улуттук статистикалык комитетинин 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы кирген чет элдик инвестициялардын көлөмү 33,5 пайызга азайып, 6 миллиард 5,9 миллион долларын түздү. Өлкөдөгү ири инвестициялык келишимдер, укуктук ченемдик актыларга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвестиция тартуу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дамирбек Бикулов жооп берди.