Таластагы чокулардын бирин Бакай-Ата деп атоо сунушу киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Таластагы чокулардын бирин Бакай-Ата деп атоо сунушталды. Тиешелүү демилгени өкмөт көтөрүп, ал коомдук талкуу порталына коюлду.
Бул аталыш Айтматов районунун Бакайыр айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркаларынын эң бийик (аты жок) чокусуна ыйгарылмакчы.

"Ал деңиз деңгээлинен 4 457 метр бийиктикте, Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабындагы ак кар, кѳк муздуу, мѳңгү баскан чоку. Кара-Сай айылынын борборунан 32 чакырым, ал эми райондун борборунан 62 чакырым алыстыкта жайгашкан", — деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Сунушту Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия 30-майда колдоого алганы айтылган.
Атамбаев дагы бир майрам негиздеп, "Ленин" чокусунун атын өзгөрттү