Арам ойлуулардын жетегине түшпөйлү. Президент Июнь окуясына карата кайрылуу жасады

Өлкө башчы учурда көп этностуу элди бириктирүүгө багытталган программалуу документтер ишке ашырылып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады.
Анда мамлекет башчы 2010-жылы элдин ынтымагын бузууга ниет кылгандардын ою кайсы бир деңгээлде ишке ашканын белгилеген.
"Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абадда болгон окуяны, анда каза болгондорду кайгыруу менен эскерип турабыз. Ошол каргашадан Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да бул кандуу окуяны эсибизден чыгарбай, бийликтегилер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл", — деп жазылган кайрылууда.
Ошондой эле ал учурда мамлекет тарабынан көп этностуу элди бириктирүүгө багытталган программалуу документтер ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.
"Биз көп этностуу жамааттардын өлкөнүн коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө жоопкерчилик менен жигердүү катышуусун камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Ошону менен бирге өлкөбүздөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Баш мыйзамыбыз баштаган укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетибизде ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот", — деген өлкө башчы.
Июнь окуясында элге кол салып, мыкаачылык менен өлтүргөн деп 6 адам кармалды