Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пекин Украина боюнча чыныгы тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Пекин Москва да, Киев да тааныган Украина боюнча тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Нижний Новгород шаарында өткөн БРИКС өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын отурумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
“Украина кризиси уланууда. Андыктан Кытай тез арада Россия да, Украина да тааныган, бардык тарап тең укуктуу катышкан, тынчтык пландарын талкуулаган, чыныгы тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырат”, — деди кытайлык дипломат.
Сергей Лавров менен Ван И бүгүн, 10-июнда, Нижний Новгород шаарында ТИМ башчыларынын отурумунда жолуккан. Россиянын тышкы иштер министри кытайлык кесиптешине Пекиндин өкүлдөрүн Швейцарияда Украина боюнча өтө турган конференцияга жөнөтпөгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал ошондой эле иш-чарада Украинадагы кырдаалды Россиянын катышуусусуз чечүү жолдорун издөө таптакыр логикага сыйбас жана пайдасыз экенин белгиледи.
Швейцарияда 15-16-июнда Люцернден анча алыс эмес жерде Украина боюнча конференция өтөт.
Берн шаарындагы элчиликтин маалымат катчысы Владимир Хохлов Швейцария РФке аталган саммитке катышууга чакыруу жибербегендигин, бирок Москва баары бир катышпай тургандыгын айткан. Ал саммиттин уюштуруучулары тарабынан жайылтылып жаткан тынчтык идеясын Россия эч кабылдай албай турганын кошумчалаган болчу. Катчынын айтымында, мында Россиянын кызыкчылыгы эске алынбастан "келечеги жок "тынчтык формуласын" жүзөгө ашырууга аракет" тууралуу кеп жүрүүдө.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Украина боюнча Россиясыз сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок экенин, Швейцарияда өтчү саммитте "тынчтык формуласынын" кайсынысы тууралуу сөз болорун түшүнүү керектигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
New Statesman: көпчүлүк президенттер Украина боюнча жолугушууга барбайт