Павел Дуров жайында Борбор Азияга барат

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Telegram платформасынын негиздөөчүсү Павел Дуров Борбор Азияга барат. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды.
Дуровдун айтымында, Дубайда күн ысый баштады. Буга байланыштуу анын достору Франция сыяктуу өлкөлөргө кетүүдө.
"Француз жараны катары бул жер эс алуу үчүн мыкты тандоо экенине кошулам. Бирок Telegram платформасынын башкы директору катары эмгек өргүүгө чыкпайм. Учурда өзгөчө жерлердеги биздин колдонуучулар менен таанышып, ишти улантып жатам. Жайында Борбор Азияга барам. Ал жактагы жашоо кандай экенин, адамдар Telegram кантип колдонорун жана алардын санарип муктаждыктарын билгим келет", — деди ал.
Павел Дуров: АКШнын чалгын кызматы менде иштеген инженерди азгырган