НАТОнун Югославияны бомбалоосу: кыйылган өмүрлөр, кыйраган экономика

1999-жылдын 10-июнунда НАТОнун Югославияга жасаган аба соккулары токтогон. Бомбалоо уланган 78 күндө альянстын колунан эки миңге чукул адам ажал тапкан.
Sputnik
АКШ башында турган 19 мамлекет БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугусуз бомбалоону баштаган. Европанын өлкөсүнө кол салууга Батыш "Белграддын аскердик кылмыштарын" шылтоо кылган.
1999-жылы Косово армиясынын албан сепаратисттери менен Сербиянын армия жана полициясынын куралдуу кармашынан улам НАТО ушундай кадамга барган.
Жамааттык Батыш сербдерге каршы чачырап жарылган ок-дары менен байытылган ураны бар снаряддарды колдонгон. Аларды колдонгондон кийин эл жана НАТОнун аскерлери зыяндуу нурга кабылган.
Ошол мезгилдеги сербиялык ЖМКлар Финляндия президенти жана ЕБ өкүлү НАТО менен сүйлөшүү учурунда Слободан Милошевичти эгерде альянстын шарттарын кабыл албаса өлкөсүн жок кылып саларын айтып опузалаганын жазган.
"️Милошевич документти алып кол койбой койсо эмне болорун сураган. Анда Мартти Ахтисаари шаарды бомбалашарын айткан", — деп жазышкан.
Согуш эки жарым айга созулган. Сербия бийлигинин берген баасы боюнча, бул аралыкта алааматтан 2,5 миң киши, анын ичинде 89 бала көз жумган.
НАТОнун күчтөрү Югославияны 2,5 айда жок кылган. Жүрөк үшүн алган видео