РФ ТИМи: Армения салым төлөөдөн баш тарткандыктан ЖККУнун бюджетин тактоо зарыл

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн — Sputnik. Армения жетекчилиги салым төлөөдөн баш тарткандыктан ЖККУнун быйылкы бюджетин тактоо зарыл. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Буга чейин ЖМКларда Армениянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ани Бадалян Ереван ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2023-жылдын 23-ноябрындагы "ЖККУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө" чечимине кошулуудан жана ага катышуудан карманарын билдиргени тууралуу маалымат чыккан.
Россия Тышкы иштер министрлиги кырдаалга байланыштуу агенттикке комментарий берип жатып, "Армения жетекчилигинин салым төлөөдөн баш тартуусун эске алуу менен ЖККУнун үстүбүздөгү жылдагы бюджетин тактоо зарыл" деген.
"Учурда Жамааттык коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечиминин долбоору иштелип жатат", — деди Россия ТИМи.
Министрлик кеп салымдарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө эмес экенин кошумчалады.
"Катчылык жана ЖККУнун биргелешкен штабы кээ бир параметрлер боюнча чыгымдарды кыскартты. Мунун баары биринчи кезекте Еревандын тиешелүү түзүмдөрдөгү кызматкерлерин чакыртып алуусунун эсебинен жүргүзүлдү. Кайсы бир жерде катчылык резервдерди пайдаланат, ошондуктан иш кадимкидей уланат", — деди ТИМ.
Министрлик кандай болгон күндө да уюмдун уставына жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары бекиткен башка документтерге ылайык, Еревандын каржылык талаптарды аткаруу боюнча милдеттенмелери сакталарын билдирди.
"Бул эл аралык уюмдардын бүткүл дүйнөлүк практикасы, анда финансылык тартип тараптардын биринин мүчөлүгүн токтото туруу, ал тургай такыр эле токтотуп салуу каалоосуна карабастан сакталат", — деди ведомство.
ЖККУ Армения уюм менен болгон мамилесин жолго коет деп күтүүдө