Мектептерди абалына жараша бөлүп, курулушун иретке келтирүү сунушталууда

Мектептердин абалына жана жүктөмүнө жараша зоналарга бөлүп, ошол боюнча курулуш жана ремонт иштерин жүргүзүү сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Мектептердин курулушун тартипке келтирүү максатында мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Анын демилгечилери — депутаттар Эльдар Абакиров жана Аида Исатбек кызы.
"Республика боюнча 2 154 мамлекеттик мектеп бар, алардын ичинен 233 мектептин жүктөмү ченемден 2,5 эсеге ашат. 260 мектепте окугандардын саны ченемден 2,5 эсеге жетпейт, бирок нормадан көп. Алардын ичинен 94 мектеп авариялык абалда", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Долбоор боюнча, мектептерди абалына жана жүктөмүнө жараша классификациялоо сунушталууда. Ага ылайык, окуучулардын саны ченемден 2,5 эседен ашкан жана авариялык абалдагы мектептер "кызыл", жүктөм эки эседен ашса "сары", авариялык мектептер "көк" зонага киргизилет. Ошого жараша биринчи кезекте "кызыл" жана "көк", андан кийин "сары" зоналарда жайгашкан мектептерди оңдоо жана куруу каралган.
Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин "кызыл", 2026-жылга "сары" зонадагы мектептердин ремонтун жана курулушун аяктоо үчүн каражат бөлүү сунушталууда.
Мындан тышкары, минкабга каражат бөлүү, мектептердин курулушунун сапатын жана ага бөлүнгөн акчанын сарпталышын көзөмөлдөө боюнча бир катар сунуштар берилген.
Депутаттар студенттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнү сунуштады. Пайдасы