Майыптыгы барларга жасалган сексуалдык кылмыш үчүн жазаны катаалдатуу сунушталууда

Депутаттар Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанда майыптардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу сунушталды. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзамдын демилгечилери депутаттар Жылдыз Садырбаева менен Марлен Маматалиев ден соолугунун мүмкүндүктөрү чектелген адамдардын (ДМЧА) жыныстык кол тийбестигин коргоо максатында иштелип чыкканын айтышкан.

"Акыркы убакта ДМЧАлардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштар байкалууда. Ошол эле убакта социологиялык изилдөөлөр майыптыгы барлар сексуалдык зомбулуктан көбүрөөк жапа чегерин көрсөтүүдө", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Ушуга байланыштуу Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине тиешелүү өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, жынысы жана жаш курагына карабастан ДМЧАлардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды жасагандарды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган. Анын ичинде кылмыш жасоо учурунда алтымыш жашка толгондор эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган. Бирок бул норма өзгөртүлүп педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Эми ага майыптардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштарды кошуу сунушталууда.
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 8 жылга чейин кесүү каралууда. Мыйзам долбоору