Радио

Министр: Кыргызстанда медициналык туризм өнүгөт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган тармакта жасалып жаткан реформа башталыш этабында экенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүп калды. Органдарды алмаштыруу тажрыйбасы жолго коюлуп калса көбү Кыргызстанга келишерин Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда пластикалык операция жасоо багыты абдан өнүгүп, КМШ мамлекеттеринен кардарлар абдан көп келет.
“Кыргызстандык медиктер дүйнөдө күчтүү адистердин катарына кирет. Азыркы учурда да чет өлкөлүктөр бир катар операцияларды бизден жасатышат. Мисалы, Кыргызстанда пластикалык операция абдан өнүгүп, КМШ мамлекеттеринен кардарлар абдан көп. Травматологиялык, урологиялык операциялар үчүн да четтен келишет. Өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлүп калды. Органдарды алмаштыруу тажрыйбасы жолго коюлуп калса көбү Кыргызстанга каттап калат. Жакынкы жылдары боор, бөйрөк алмаштыруу, жилик чучугун алмаштыруу, кохлярдык имплант тагуу боюнча оор операциялар дүйнөдө жасалып жаткан алдыңкы технологиялар менен жүзөгө аша баштайт. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу операциялардын баасы төмөн болуп, рынокто татыктуу орун алууга мүмкүн болот. Мунун баары саламаттык сактоо тармагындагы жасалып жаткан реформанын алкагында болуп, башталыш этабында гана экенибизди айткым келет, — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле министр медицинада керек болгон заманбап жабдуулар менен камсыздоо уланарын кошумчалады.