Кыргызстандыктар Москвадагы жаш мекендештердин VIII Дүйнөлүк оюндарына катышты

Кыргызстандыктар баскетбол, волейбол жана шахмат жаатында күч сынашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар Москвада өткөн жаш мекендештердин VIII Дүйнөлүк оюндарына катышканын Бишкектеги “Русский дом” борборунан билдиришти.
Быйыл мелдешке 30 өлкөдөн келген 200дөн ашуун жеткинчектер катышты. Иш-чараны Россотрудничество, Россиянын Спорт министрлиги, “Единая Россия” партиясы жана Бүткүл россиялык мектеп спорту федерациясы уюштурду.
Кыргызстандын атынан Бишкектеги №29 гимназия-мектептин “Гинес” аттуу баскетболчулары, Ош шаарынан шахматчылар Райана Смагулова менен Аалы Эрмеков жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын волейбол боюнча командасы катышты.
Жаш волейболчулар финалда Армениядан келген атаандаштарын жеңип, алтын медаль утуп алышты.
Шахматчылар команда боюнча оюнда күмүш медаль алса, Смагулова күмүш, ал эми Эрмеков коло медалдын ээси болушту.
Кыргызстандын баскетбол боюнча курама командасы 18 топтун ичинен бешинчи орунду ээледи.
Иш-чаранын катышуучуларына мындан тышкары “Орус тилиндеги диалогдор” аттуу программа менен Москва шаарындагы экскурсия уюштурулду.
Кыргызстандык окуучулар "Шериктештиктин балдары" эл аралык форумуна катышат