Казакстандын өкмөтү ЛГБТ* пропагандасына каршы петицияны карайт

Кайрылуу катталган күндөн тартып 40 жумушчу күнгө чейинки убакыт аралыгында каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстанда өкмөт ЛГБТ* пропагандасына каршы петицияны карай турганын Sputnik Казакстан жазды.
Петиция өкмөттө кароого жетиштүү добуш (50 миң) алды.
"Бир жыныстуу сүйүү биздин балдарга ачыктан-ачык таңууланып, салттуу баалуулуктар өткөндүн калдыгы, артта калгандыктын белгиси деп үгүттөлүүдө. Биз унчукпай жүрө берсек балдарыбыздын жетиле элек аң-сезими, тажрыйбасыздыгы бир жыныстагы адамдардын сүйүүсүн кадыресе, ал тургай модалуу деп эсептей башташы мүмкүн", — деп айтылат текстте.
Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги Административдик-процессуалдык кодекске ылайык, 50 миң кол топтолгондон кийин өтүнүчтү кароого кабыл алганын билдирди.
"Кайрылуулар катталган күндөн тартып 40 жумушчу күнгө чейинки убакыт аралыгында каралат", — деди министрлик.
Ведомство кызыкдар тараптардын, мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөрүн белгиледи. Өтүнүчтү кароо процесси мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
*Уюм Россия Федерациясында экстремисттик деп таанылган жана тыюу салынган
Батышка теңтайлашып. Евразиянын жаңы жарандык коому алган багыт