Радио

Карачалов: жол кирени арзандатуу студенттерге стимул берет

Эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачалов кайсы мамлекет болбосун студенттерге ылайыктуу шарт түзүп берсе, келечекте анын жыйынтыгы сөзсүз болорун айтты.
Sputnik
Эл өкүлдөрү сунуштаган “студенттик жол кире” системасын кайрадан киргизүү мурдагыга караганда жеңил болот. Себеби муниципалдык транспорттор көбөйүүдө. Мындай пикирин Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, колдоону сезген студенттин окууга деген умтулуусу күчөйт.
“Студенттик кезде акчага муктаждык аябай болот. Мындай маселелерди убагында биз да көп көтөрчүбүз. Биздин да башыбыздан өткөн. Ал кезде депутаттар азыркыдай колдоп, мындай демилгелерди көтөрүшчү эмес. Ошондуктан мен бул демилгени колдойм. Студенттерге бир гана транспорт жагынан эле эмес, башка тараптан дагы ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Бул аларга стимул болуп, сөзсүз түрдө өлкөбүздүн алдыга жылышына кандайдыр бир деңгээлде салым кошот. Колдоону сезген студенттин окууга деген умтулуусу күчөйт деген ишенимим бар. Азыр шаарда накталай 20 сом, накталай эмес 17 сом төлөнөт. Ошол эле учурда тиешелүү тиркемелер аркылуу 11 сом төлөсө болот. Бул 50 пайызга жакын арзандатуулар жеке компаниялар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашып жатат. Демек, арзандатса болот. Андан мэрия кыйналбайт”, — деди Карачалов.
Эксперт авиакаттамдар боюнча жеке компаниялар менен келишим түзүп, студенттер эс алууга чыкканда чартердик каттам уюштуруп койсо болорун кошумчалады.