Радио

БМУнун орус филологиясы факультетинен эл аралык кызматташуулар боюнча айтып беришти

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Рахат Ниязалиева орус тилинин окутулушу тууралуу айтып берди.
Sputnik
Орус филологиясы факультетинде Айтматовдук, Пушкиндик окуулар өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Рахат Ниязалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген этникалык кыргыздар орус филологиясынан билим алып, адис болуп кетишет.
"Россиядан тышкары, Кытайдын университеттери менен да тыгыз кызматташабыз. Бизден орус тили жана адабияты факультетин аяктап кеткен студенттердин арасында Кытайдын окуу жайларында иштеп жаткандары да бар. Мындан сырткары, Казакстандын Аль-Фараби университети менен байланыштабыз. Академиялык мобилдүүлүккө деле аракет кылдык, бирок студенттердин ата-энелери окуу акысын төлөп бере албагандыктан ишке ашыра албай жатабыз. Бир студентибизди быйыл Кубань мамлекеттик университетинде академиялык билим алуу үчүн күзгү семестрге жибердик. Ал эми БМУнун өзүндө Айтматовдук жана Пушкиндик окуулар өтүлүп, дил баяндар жазылып турат. Былтыр "Айтматовдук окуулар" "Арыба Ак кеме, мен келдим!" деген темада өткөн. Быйыл 1-курстун студенттери Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган үзүндүлөрдү даярдап, көркөм окушту", — деди Ниязалиева.
Ал орус тили Кыргызстанда улуттар аралык байланыштын, карым-катнаштын тили экенин кошумчалады.