Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен деп милиционер кармалды

Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Тазалыкта" иштеген аялды коюп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция билдирди.
Шектүү эмгек өргүүдө жүргөн 32 жаштагы М.Э. аттуу милиция кызматкери экени аныкталып, унаасы айып короого токтотулду.
Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Окуя 8-июнь күнү таңкы саат 04:40 чамасында болгон. Жол кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, ак түстөгү Daewoo Nexia машинасы Москва — Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде 64 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен. "Тазалыкчы" оор абалда ооруканага жаткырылган эле.
Үрөй учурган ирмем. Бишкек — "Манас" аэропорту жолундагы автокырсыктын видеосу