Көңүл бургула! 12-июнда борбор калаанын айрым аймактарында суу болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 12-июнда Бишкектин бир катар аймактарында суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абсамат Масалив – Чыңгыз Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу түтүктөрүн алмаштыруу, оңдоо иштери жүргүзүлөт.
"12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат", — деп жазылат маалыматта.
Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекеме-уюмдарды жана калкты таза сууну алдын ала камдап алууга чакырат.
Кыргызстан менен “Газпром” ишканасы узак мөөнөттүү келишимдерге кол койду