Садыр Жапаров алтын камтыган руда менен концентратты экспорттоого салынган тыюуну алды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров алтын камтыган руданы жана концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) салынган тыюуну алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын жарлыгы менен буга чейин тыюу салган үч чечим күчүн жоготту деп таанылды.
Алар 2022-жылдын октябрында, андан кийин мартта жана 2023-жылдын декабрында кабыл алынган эле.
Кумтөрдөн жалпы канча дивиденд алынганы белгилүү болду