Камбар-Ата-1 ГЭСи талкууланат. Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат. Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору болмокчу.
Мындан тышкары, минкаб башчысы Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.
Ошондой эле ал Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг, экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.
Ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү кошумчаланды.
Жыл соңуна чейин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык жыйынтыкталат