Ак үй АКШ өзөктүк мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чечим кабыл албаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. АКШ өзөктүк куралдардын мүмкүнчүлүгүн арттыруу боюнча чечим кабыл алган эмес, бул процесске "айлар, жылдар" кетет. Бул туурасында Америка президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтканын РИА Новости жазды.
"Биз эч кандай чечим кабыл алган эмеспиз. Кырдаалга дыкаттык менен көз салып, эки партиянын пикирлерин угабыз... Аны бир нече ай жана жылдар ичинде кабыл алабыз", — деген ал CBS телеканалына берген интервьюсунда.
Мурдараак Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өзөктүк куралды жайылтпоо маселелери боюнча улук директору Пранай Вадди АКШ бул жааттагы арсеналды арбытуу зарылдыгын көрүп турганын айткан эле.
АКШ Путиндин өзөктүк куралга жол берилбестиги жөнүндө сөздөрүн олуттуу кабыл алган