11-июнга карата аба ырайы

11-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл аймагында +23...+28, Нарын жергесинде +22...+27 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Мектептерди абалына жараша бөлүп, курулушун иретке келтирүү сунушталууда