Стейблкоин жана криптовалюталар. Өкмөт Россия менен соода жүгүртүүдө санарип акчага өтүүнү сунуштады

Sputnik
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясы менен соода кыймылында стейблкоин колдонууну сунуштады. Кыргызстан үчүн бул эмне берет? Өлкө санарип акча колдонууга канчалык даяр? Стейблкоиндер доллардын жолун кыска убакытта бөгөй алабы? Ушул жана башка суроолордун айланасында Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов “Экономикалык панорама” уктуруусунда айтып берет.