Россия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөнү алды — экспорттун көлөмү канчага өсөт?

Sputnik
Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы балыкты жана сүттү кайра иштеткен жети ишканага коюлган убактылуу чектөөлөрдү алып салды. Россельхознадзор балыкты кайра иштетүүчү төрт ишканага жана сүттү кайра иштетүүчү үч ишканага коюлган убактылуу чектөөлөрдү алып салды. Аталган ишканаларга продукцияларын Россияга экспорттоого уруксат берилди. Эми кандай талаптар коюлат, экспорттун көлөмү кандай өсөт? Ушул суроолорго Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов жооп берди.