Өлкөдө расмий тилинин абалы. Окутуу кандай журүүдө?

Sputnik
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик универститети 1979-жылы ачылган учурдан баштап эле орус филологиясы факультети иштеп келет. Факультет студенттерди үч багытта даярдайт; орус тили мугалими, кыргыз-орус-англис тилдеринде окутуу методикасы боюнча лингвист-котормочулар билим алып чыгат. Бишкек мамлекеттик университетинин Россия, КЭР, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, АКШ, Германиянын ЖОЖдору менен алакасы бар. Окуу жай учурда кандай шартта иштеп жатат? Кадрлар жетиштүүбү? Адис даярдоо жаатында эмне маселе бар? Окутуучулук жамааттын деңгээли, ишмердиги тууралуу суроолорго Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы Рахат Ниязалиева жооп берди.