Радио

Муратбек уулу: тоодогу таштандылардан өрт чыгышы мүмкүн

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, алдын алуу жана авариялык куткаруу бөлүмүнүн улук офицери Адылбек Муратбек уулу тоодо эс алганда өрттү алдын алуу эрежелерин так сактоого чакырат.
Sputnik
Жаратылыш койнунда жүрүп, тамак же шишкебек жасап бүткөндөн кийин чокту сөзсүз суу чачып же топурак сээп өчүрүш керек. Бул тууралуу Адылбек Муратбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Тоолордогу өрттү өчүрүү ыңгайсыз. Себеби техниканын жетиши оор. Андыктан тоо же токойдо сак болуу керек. Эс ала турган жайда өрт өчүргөнгө кандай каражаттар бар экенин билип койгон дурус. Анткени бул ошол жердегилердин өмүрүн сактап калуусу мүмкүн. Көбүнчө өрт кайдыгер мамиледен улам чыгат. Мисалы, тоодо ачык жерде от жакканда ал жакын жердеги боз үйгө же токойго жайылышы мүмкүн. Тамак же шишкебек жасап бүткөндө сөзсүз чокту суу чачып же топурак сээп өчүрүш керек", — деди Муратбек уулу.

Ошондой эле ал айнектен, желим бөтөлкөнү суусу менен калтырганда от тутанып кетерин кошумчалады.