Келечеги кең. С. Жапаров жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин куттуктады

Президент "Кыргызстанда жасалган" деген бренд жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө жакшы таанылганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жеңил өнөр жай тармагында эмгектенгендерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун маалымат кызматы таратты.
Ал аталган тармак экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлей турганын белгилеген.
"Ушу тапта өлкөбүздө жеңил өнөр жай тармагы кайра иштетүү өнөр жайындагы жумушчу орундардын саны боюнча алдыңкы орунду ээлеп, мамлекеттин социалдык маселелерин чечүүгө чоң салым кошууда. Бул тармактагы сапаттуу иш алып баруунун жана жогорку квалификациялуу адистердин ишмердигинин аркасында биз ата мекендик өндүрүштүн сапаттуу өнүмдөрүн сатып алууга мүмкүнчүлүк алдык", — деп айтылат куттуктоодо.
Президент "Кыргызстанда жасалган" бренди жакынкы, алыскы чет өлкөлөргө таанылганын айтып, алдыда аталган тармакты мындан да жакшыртуу максаттары турганын белгилеген.
"Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жайын тынымсыз модернизациялоо менен бирге өндүрүштүн темпин арттыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу өтө маанилүү. Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын, анын ичинде пахтаны кайра иштетүү, текстиль, тигүүчүлүк, бут кийим тигүү, булгаары, мех жана жүндү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги кең. Бул тармактык сегменттер биздин өлкө үчүн олуттуу потенциалды билдирет", — деген мамлекет башчы.
Президент тармактын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, узак өмүр тилеп, иштерине ийгилик каалаган.
Садыр Жапаров: Асман шаарынын курулушу башталды