Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Иран РФ менен Батыштын тирешүүсү Украина маселесин чечпейт деп эсептейт

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Иран Россия менен Батыштын ортосундагы аскердик тирешүү маселени чече турган жол деп эсептебейт. Бул туурасында аталган өлкөнүн ТИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Али Багери айтканын РИА Новости жазды.
CNN Türk телеканалынын журналисти Багериден Украинадагы кырдаалды жана чыңалууну күчөткөн билдирүүлөрдүн улам Москва менен Батыштын ортосунда аскердик каршылашуунун чыгып кетүү ыктымалдыгы туурасында сураган.
Дипломаттын айтымында, Иран эки тарапты диалогго чакырат.
"Согуш маселени чече турган жол деп эсептебейбиз. Эки тарапка тең бере турган кеңешибиз — саясий өңүттөн кепке келүү", — деген Багери.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Сүйлөшүү уюштургула". Батышта окумуштуулар менен саясатчылар козголо баштады