Атайын транспортко жол бергиле! Өлкө аймагында "Маяк" аталышындагы рейд өтөт

Тартип сакчылар Тез жардам, ИИМ, Өрт өчүрүү кызматынын автоунааларына жол бошотпой, ал тургай артынан ээрчип, ылдам айдаган айдоочулар кездешип жатканы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Республика боюнча "Маяк" аталышында бир жумалык рейд өтөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Анын максаты — айдоочуларга атайын транспортко жол бошотуп берүү зарылдыгын эскертүү.

"Акыркы учурларда Тез жардам, ИИМдин жана Өрт өчүрүүчү кызматтын автоунаалары атайын сигнал менен бара жатканда аларга жол бошотпой, ал тургай артынан ээрчип, ылдам айдаган айдоочулар кездешүүдө. Бул кызматтык автокөлүктөр адам өмүрүн, ден соолугун сактап калуу же кылмыш, кырсыктардын алдын алуу максатында үн коштоочу, жаркылдоочу каражаттар менен жүрөт. Ал учурда айдоочулар жол бошотуш керектигин эскертүү үчүн "Маяк" аталышында бир жумалык рейд өтөөрүн эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле атайын транспортко жол бошотпой койгондорго 10 миң сом айып салынарын айтышты.
Көлдөгү туристтик сезонго карата милиция кызматкерлери даярдыктан өттү. Сүрөт