Радио

Мураталиев: мамлекеттик тил мыйзамын бузгандарга чара көрүү сунушталууда

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев тилге тиешелүү мыйзамдарды бузгандарга чара көрүү буга чейин эч бир кодексте каралбаганын айтты.
Sputnik
Мен улуттук комиссияга жетекчи болуп келгенден тарта биринчи кабылган тоскоолдугум — тилдин мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерин бузууда аларга чара көрүлбөгөндүгү менен бет келишүүм болду. Мисалы, бизде азыр мамлекеттик тил боюнча Конституциялык мыйзам бар. Бирок анда көрсөтүлгөн нормалар бузулса кандай чара көрүлөрү эч бир жерде жазылган эмес. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, Укук бузуулар кодексинде тил мыйзамына тиешелүү беренелер жок.

"Былтыр жайында мамлекеттик тил боюнча Конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ал күчүнө кирген соң жарым жыл аралыгында андан макамы боюнча төмөн турган мыйзамдар дал келтирилиши шарт. Андыктан биз азыр 16 мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мыйзам долбоорун жазып чыктык. Анткени мамлекеттик тилдин орду, макамы кээ бир мыйзамдарда такыр эле көрсөтүлбөй калса, айрымдары жаңы кирди. Мисалы, жарнамалар боюнча азыр колдонулуп жаткан мыйзамда уят сөздөр жазылса жеке жактар 1000, юридикалык жактар 5000 сом айып пулга жыгылат деп гана көрсөтүлгөн. Мындан башка учурларда тилдин нормалары сакталбаган же бузулган башка учурларга эч кандай чаралар каралган эмес. Биз эми жаңы сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда мамлекеттик тилдин Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерин бузган учурда чара көрүүнү сунуштап жатабыз. Айта кетүүчү жагдай, бизде расмий тил боюнча да мыйзам бар. Эгер анын нормалары бузулса, андай учурда да тиешелүү чаралар көрүлүшү шарт", — деди Мураталиев.

Ал сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууда турганын кошумчалады.