Кыргызстанга дээрлик 920 млн. доллар которулган. 4 айдын маалыматы

Каражат мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Январдан апрель айына чейин Кыргызстанга 923 миллион 330 миң доллар доллар которулганын Улуттук банк билдирди.
Бул өткөн жылдардын, тагыраагы, 2023 (862,9 миллион) жана 2022-жылдын (791,6 миллион) аталган айларына салыштырганда арбын.
Кеп жеке тараптардын акча жөнөткөн система, банктык мобилдүү тиркемелер (банк карталары) жана электрондук капчыктар аркылуу салган каражаты туурасында болууда.
Акчанын көп бөлүгү, 857,2 миллион доллар, Россиядан түшкөн.
Кыргызстанга рублдин, доллардын, евронун агымы көбөйдү