Буйрук деген ушу. Токтомамбетов бир да беттештен утпай коло медаль тагынды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Венгрияда өткөн рейтингдик мелдеште коло байгеге татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кармашка 74 килограмм салмакта чейрек финалдык баскычтан тарта катыша баштаган.

"Биринчи беттеште венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмоновдун жаракат алганына байланыштуу кыргыз спортчусуна жеңиш ыйгарылып, 3-орунду ээледи", — деп жазылат маалыматта.

Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага 15-жолдомону алды