Айдоочуга кулак кагыш! Рейд жүрүп, автоунаалардын техникалык абалы текшерилүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өлкөдө кечээтен бери "Техникалык абал" деп аталган рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.
"Автокырсыктардын алдын алуу максатында 8-9-июнь күндөрү өлкөнүн аймагында "Техникалык абал" аттуу рейд өтүүдө. Анда автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, айдоочуларга профилактикалык мүнөздөгү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга темир тулпарларынын техникалык абалын текшерип туруу айдоочунун милдети экендигин эскертет.
Атайын транспортко жол бергиле! Өлкө аймагында "Маяк" аталышындагы рейд өтөт