Өлкөнүн беш облусунда бир катар айылдардын аталышы өзгөрөт. Тизме

Агенттик эл жашабаган, калктуу пункт категориясына ылайык келбеген бир катар айылдарды жоюу боюнча мыйзам долбоору иштеп чыккан. Мындан улам жалпы жонунан 16 айыл жоюлмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айылдарынын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик беш облустагы айрым айылдарды кайра атоо максатында мыйзам долбоорун иштеп чыккан.
Аталышы өзгөрө турган айылдар:
Жалал-Абад облусу боюнча алсак, Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылы — Малкалды;
Ноокен районунун Ноокен айыл аймагынын Параканда айылы — Баракелде;
Нарын облусу:
Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын Большевик айылы — Баялы Исакеев;
Талас облусу:
Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылы — Шадыкан;
Манас районунун Май айыл аймагынын Новодонецк айылы — Айтматов;
Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылы — Жанкороз-Олуя;
Талас районунун Калба айыл аймагынын Балбал айылы — Жаныбек баатыр;
Чүй облусу:
Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы — Сыйдалы;
Ысык-Көл облусу:
Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылы — Ак-Суу.
"Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган. Жогоруда аталган айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын кайра атоо боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана президенттин Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.
Мындан тышкары, агенттик эл жашабаган, айыл категориясына ылайык келбеген бир катар калктуу пунктуларды жоюу боюнча мыйзам долбоору иштеп чыккан. Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда — 10, Нарын облусунда — 2 жана Ош облусунда 4 айыл жоюлмакчы.
Кыргызстанда 452 айыл өкмөттүн жарымы жоюлуп, 8 шаар кеңеет