Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Германиянын Россия менен согушка даярданышы тууралуу айтканына үн катты

Бул жумада коргонуу министри Борис Писториус Германия 2029-жылга чейин Россия менен согушка даярданыш "зарылдыгын" билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Немец бийлигинин Россия менен согушка даярдык көрүү боюнча билдирүүлөрү — Брюссель менен Вашингтонго жагыш үчүн жасаган аракети. Бул туурасында РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.

"Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суверендүүлүк менен өз алдынчалуулуктун жоктугунан жабыр тартты. Бул таңсыктыктан кийин Германия бийлиги албетте Брюсселге жакканга аракет жасайт, "Вашингтондук парткомдун" көңүлүн алып, НАТОдогу Столтенбергге да жагуу керек", — деген Песков.

Андыктан Германия бийлиги чыга калып эле жарыша ар түрдүү деңгээлдеги билдирүүлөрдү жасап жатат.
"Элестетсеңиз, кандай чарпылып жатышат? Ошондуктан булардын позициясы жеңил эмес", — деген белгилеген маалымат катчы.
Аяктап бараткан жумада коргонуу министри Борис Писториус Германия 2029-жылга чейин Россия менен согушка даярданыш керек деген.
Президент Владимир Путин эл аралык ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугуп жатканда Россиянын НАТОго кол салууга ниети жоктугун белгилеген эле. Анын айтымында, мындай акылга сыйбаган билдирүүлөрү менен Батыш мамлекеттери өз элин дүрбөлөңгө салып бийлигин, империялык үстөмдүгүн сактап калуу максатын көздөйт.
Путин муну менен катар эле Германиянын коргонуу, коопсуздук, саясат, анын ичинде маалымат тармагында "океандын ары жагындагы бенефициардын" көзүн карап тургандыгын белгиледи. Германиянын бийлигинде тургандардын бири да бүгүнкү күндө немец кызыкчылыгын коргобой жатканын айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Германиянын Украинага ракета берүү чечими боюнча үн катты