КМШ мамлекеттеринин жаштары катышкан Дельфи оюндарынын датасы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин жаштарынын Дельфи оюндары 30-сентябрдан 5-октябрга чейин өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара улуттук маданияттарды сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, маданияттар аралык диалогго дем берүү, мамлекеттер ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ар жылы уюштурулат.
Оюндар Кыргызстандын борборунда экинчи ирет өткөрүлмөкчү.
Бишкекте экинчи ирет эл аралык ири кинофестиваль өтөт