Индия: катары менен үчүнчү ирет премьер болгон Нарендра Моди ант берди

Моди Индиянын лидери Жавахарлал Нерунун премьерлигинен берки өкмөт башчылык кызматта үч мөөнөттө турган жетекчи болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Индия парламентинде шайлоодо жеңишке жеткен "Улуттук-демократиялык альянстын" лидери Нарендра Моди жаңы өкмөт башчы катары ант бери. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, парламентте Модинин "Бхаратия Жаната Парти" партиясы 10 жыл ичинде биринчи жолу көпчүлүк добушту ала алган эмес – 240 орунга ээ болуп, өкмөттү түзүү үчүн белгиленген көрсөткүчкө 32 орун жетпей калган.
Моди жетектеген Улуттук демократиялык альянска кирген партиялардын добуштарын эсептей келгенде бул саясий бирикме парламентте 292 орунга ээ болуп, жаңы коалициялык өкмөттү түптөөгө мүмкүнчүлүк алды.
Ант берген Моди Индиянын лидери Жавахарлал Нерунун премьерлигинен берки өкмөт башчылык кызматта үч мөөнөттө турган жетекчи болуп калды.
Агенттик бул иш-чара коопсуздук катуу каралган шартта өткөнүн жазды.
Ирандын тарыхында биринчи жолу аял президенттик шайлоого катышат