Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча Паралимпиадага жолдомо утту

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Дүйнөлүк гран-при" аттуу мелдеш 6-8-июнь аралыгында Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн.

"Спортчу (коштоп жүрүүчү Юлия Фернас) 1,5 чакырым аралыкты 6 мүнөт 18 секунда 25 милисекундада чуркап, Париж Олимпиадасына жолдомо алды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 10-15-июнда Парижде өтө турган кийинки лицензиялык мелдешке жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев (коштоп жүрүүчү - Артём Шапилов) катышары кошумчаланган.
Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол командасына автобус белек кылды. Видео