Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө электр кубаты өчөт. График

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү, 10-июнда, борбор калаанын айрым аймактарында электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ​​ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул учурда оңдоп-түздөө иштери жасалат.
Чыгыш РЭТ:
саат 9:30дан 18:30га чейин — Осмонкулов, Огонбаев, Сүйүмбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
9:30дан 17:00гө чейин — 7-кичи райондогу №39 үйдө;
9:30дан 18:00гө чейин — 12-кичи райондогу №7, 8, 9, 23, 25, 26, 27, 30 үйлөрдө.
Батыш РЭТ:
9:00дөн 14:00гө чейин — Жаш Гвардия проспектиндеги №72 үйдө;
10:00дөн 15:00гө чейин — Ак-Өргөө конушунда (Ашар жана Ак-Өргөө көчөлөрү);
9:00дөн 18:00гө чейин — Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
9:30дан 18-00гө чейин — Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Саадак, Мажүрүм-Тал, Тогуз-Канат көчөлөрүндө).
Түндүк РЭТ:
9:00дөн 18:30га чейин — Көлмө конушунда (Үкөк, Республиканская, Жийделүү, Алтын-Бешик, Ай-Көл, Азаттык, Козу-Баглан, Долон көчөлөрүндө);
9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого конушунун Чүй жана Түлөбердиев көчөлөрүндө.
"Жашыл" электр станцияларын куруу үчүн 25 жылга ижарага жер алса болот