10-июнга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 10-июнь, дүйшөмбүдө, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +33...+38, Баткен жергесинде +32...+37, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарында +21...+26 градус болот.
Термометр Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +23...+25 градусту көрсөтөт.
Өлкөнүн беш облусунда бир катар айылдардын аталышы өзгөрөт. Тизме