Иш-чаранын алкагында ар кайсы өлкөлөрдүн ишкерлери туристтик долбоорлорду түзүү боюнча макулдаша алышат. Форум Чолпон-Ата шаарындагы We are Nomads көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Ага туроператорлор, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Форумда туризм, “жашыл” технологиялар, маркетинг, санариптештирүү жана башка маселелер талкууланат. Ошондой эле мастер-класстар, улуттук оюндар жана концерттер өткөрүлөт.