Ысык-Көлдө жол жээгине туристтерди тейлей турчу борборлор салынууда. Сүрөт

Балыкчыдагы объект июндун ортолорунда ачылары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол жээгине туристтерди тейлей турчу борборлор салынып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
1 / 4

Ысык-Көлдө жол жээгине туристтерди тейлей турчу борборлор салынып жатат

2 / 4

Билдирмеге караганда, мындай объектилерден бешөө курулууда

3 / 4

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн мындай борборлор бардык керектүү кызматтарды камтый турганы айтылды

4 / 4

Балыкчыдагы объект июндун ортосунда ачылары күтүлүүдө

Билдирмеге караганда, мындай объектилерден бешөө салынып жатат. Министрдин орун басары Ырысбек Барпиев Түп менен Балыкчыдагы борборлордун курулуш иштери менен таанышып, мындай жайлардын салынышы Ысык-Көлдөгү инфраструктураны жакшыртып, Кыргызстанга келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгилеген.
Жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн мындай борборлор бардык керектүү кызматтарды камтый турганы айтылды.

"Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда. Курулуш иштери аяктагандан кийин бул борборлор Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин балансына өткөрүлүп берилет", — деп жазылат кабарда.

Балыкчыдагы объект июндун ортолорунда ачылары күтүлүүдө.
14-июндан тарта Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд жүрө баштайт