Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Словакия премьери Украинанын Россияга сокку урууга уруксат алганы боюнча үн катты

Фицо Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кээ бир өлкөлөрдүн Киевге Россиянын аймагына Батыштын куралдары менен сокку урууга уруксат бергени алардын жаңжалды курчутуу ниетин көрсөтүп турат. Бирок Словакия мындай аскердик авантюраларга азгырылбайт. Бул тууралуу премьер-министр Роберт Фицонун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Батыш өлкөлөрүнүн Украинага Россиянын аймагындагы буталарга чабуул жасоо үчүн куралын колдонууга макулдук бергени, алардын тычтыкты эмес, Россия менен тирешүүнү күчөтүүнү каалап жатканынан кабар берет. Словакиянын премьер-министри катары мен өлкөнү мындай аскердик авантюраларга аралаштырбайм", — деген Фицо.
Ал Европарламентке согушту уланткан эмес, тынчтык демилгелерин колдой турган депутаттарды шайлоо керектигин белгилеген.
Шаршембиде Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда Украинага алыс аралыкка атуучу курал-жарактарды бергендерге Москва тиешелүү жооп кайтара аларын билдирген. Мамлекет башчысы Россия Киевди ракета менен камсыздаган мамлекеттердин "сезимтал" объектилерине сокку урууга мүмкүн болгон аймактарга курал-жарак жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын кошумчалаган.
Акыркы убактарда Киевге бир нече Батыш өлкөсү куралы менен Россияга сокку урууга уруксат берди. Атап айтканда, АКШ Украинага берилген курал менен Харьков облусуна чектеш Россиянын аймагындагы буталарга сокку урууга макул болгон. Ошол эле учурда Вашингтон ATACMS ракеталары жана башка алыс аралыкка атуучу курал менен Украинанын чек арасынан тышкары жакка сокку урууга салган тыюусун күчүндө калтырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Россиянын аймагына сокку уруу Батышты согушка тартарын айтты