Триллиондогон рублге келишимдер түзүлдү. ПЭЭФтин жыйынтыгы

Санкт-Петербург шаары форумда кол коюлган келишимдердин саны боюнча лидер болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. – Sputnik. Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында алты триллион рублден ашык суммага 982 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Россия президентинин кеңешчиси, ПЭЭФтин уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы Антон Кобяков форум боюнча жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.
“Форумда жалпы суммасы 6 триллион 430 миллиард рубль болгон 982 келишимге кол коюлду. Булар коммерциялык сыр эместери гана”, - деди Кобяков.
Ал кошумчалагандай, Санкт-Петербург шаары форумда кол коюлган келишимдердин саны боюнча лидер болуп калды.

“Калаа 1 триллион 227 миллиард рублге 69 келишим түздү”, — деди ал.

Бул жылы ПЭЭФке 95 өлкөнүн делегациялары катышты.
Форумга 95 өлкөдөн келген чет элдик делегациялар, анын ичинде 63 дипломатиялык корпустун жетекчилери, 48 тышкы иштер министрлери катышты.
Жалпысынан форумга 139 өлкөдөн 21,3 миң адам келди. Кобяковдун айтымында, мындай көрсөткүч пандемияга чейинки деңгээлден ашып кетти.
“Бул эл аралык экономикалык активдүүлүк бардык нерсеге карабастан калыбына келе баштаганынан кабар берет”, — деди президенттин кеңешчиси.
Индонезиялык эксперт: ПЭЭФ дүйнөгө Россиянын күчүн көрсөттү