Радио

Садамбеков: жаңы паспорттордогу коргоо элементтери аны жасалмалоодон сактайт

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Кубанычбек Садамбеков өлкө ичинде даярдалган жаңы үлгүдөгү паспортторду жасоо үчүн сырттан атайын сапаттуу, эл аралык деңгээлдеги жабдуулар алып келингенин айтты.
Sputnik
Жаңы паспорттор "Учкун" ААК басмаканасынан чыгарылууда. Анда мурдагысынан айырмаланып коргоо элементтери күчөтүлдү. Жалпы жарандык паспортко 30, ID-картага 20 коргоо элементи коюлган. Бул тууралуу Кубанычбек Садамбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакшыртылган коргоо элементтери мурдагыдай жасалма паспортторду даярдоодон сактайт.

"Бул жылдын 31-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык жана ID-паспортторду бере баштадык. Алар Кыргызстандын өзүнөн чыгып жатат. “Учкун” басмаканасына атайын сапаттуу, эл аралык деңгээлдеги жабдуулар алып келинди. Жаңы үлгүдөгү паспорттор коргоо элементтери көбөйгөнү менен айырмаланат. ID-паспорттун ичине электрондук чип орнотулган. Жалпы жарандык паспортто да чип бар, ал анын сыртында бекитилген. Алар көзгө көрүнбөйт жана эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет", — деди Садамбеков.

Мындан тышкары, паспорттордун баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады.