Никарагуа президентинин кеңешчиси: Россия дүйнөнү нацизмден бошотууда

Кеңешчи Украинадагы фашизмге каршы "улуу салгылашуу" глобалдык мааниге ээ экенин, бул фронтто дүйнөлүк тынчтык үчүн күрөш жүрүп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Учурда Россия кайрадан дүйнө элдеринин коопсуздугу үчүн күрөшүп, аларды АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары каржылаган жана көзөмөлдөп турган нацизм менен фашизмден бошотууда. Бул тууралуу Никарагуа президентинин инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси Лауреано Ортега ПЭЭФтин алкагында РИА Новостиге билдирген.
"Россия коопсуздук жана коргонуу жаатындагы долбоорлор аркылуу тынчтыкты, бейпилдикти, коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууда. Биз бул жаатта Россия менен кызматташканыбызга сыймыктанабыз. Анткени бул өлкө, Путин дүйнө элдеринин коопсуздугу үчүн күрөшүн улантып жатат", — деди Ортега.
Ал Украинадагы фашизмге каршы "улуу салгылашуу" глобалдык мааниге ээ экенин, бул фронтто дүйнөлүк тынчтык үчүн күрөш жүрүп жатканын кошумалаган.
Ылдамдык маанилүү эмес! Путиндин Петербургда айткандарынын урунттуу учурлары