Кыргызстан менен “Газпром” ишканасы узак мөөнөттүү келишимдерге кол койду

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Газпром” ишканасынын жетекчисине жолукту.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен “Газпром” ишканасы өлкө калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол койду.
Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
“Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен энергетика министри Таалайбек Ибраев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолуккан. Анда тараптар төмөнкүлөрдү макулдашкан:
Кыргызстандын калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлду. Жеткирүү 2025-2040-жылдарга чейин ишке ашырылат;
Ошондой эле газ “Электр станциялары” ачык акционердик коому менен “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасына жеткирилет.
Ибраев Миллерге эки өлкөнүн отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
Пресс-борбор
Россия Борбор Азияга энергетикалык кризистен чыгууга кантип жардам бере алат?