Көлдөгү туристтик сезонго карата милиция кызматкерлери даярдыктан өттү. Сүрөт

Эс алуучулар туристтер көп келген Бостери айылындагы пляждык аймакка заманбап үлгүдөгү милициянын аймактык пункту ишке киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлери толугу менен даяр. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда кызматкерлерге гарнизондук саптык кароо өткөрүлгөн. Ага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Мурат Боронов жана башка жетекчилер катышкан.
1 / 2

Ысык-Көлдөгү туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлери толугу менен даяр. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда кызматкерлерге гарнизондук саптык кароо өткөрүлгөн

Урмамбетов гарнизондук саптык кароону өткөрүүнүн негизги максаты 2024-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгилеген.
“Былтыр өлкөбүзгө 10 миллиондон ашуун турист келсе, быйыл андан көп келүүсү күтүлүүдө. Бул артыкчылыкты жогорулатуу жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдети экендигин билдирем. Туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү негизги приоритет катары ишке ашырылууда”, — деген Урмамбетов.
Ал республиканын аймагында 4 миңден ашуун видеокамера күнү-түнү иштеп жатканын, кызматкерлер 1 миң 220 боди-камера менен камсыздалганын айткан. Анын ичинде Ысык-Көл облусундагы аймактык тескөөчүлөргө кошумча 136 боди-камера берилген.

“Эс алуучулар көп келген Бостери айылындагы пляждык аймакка заманбап үлгүдөгү милициянын аймактык пунктун ишке киргизип, видеокамераларды орноттук. Мындай жай Балыкчыда да ачылып, тез көмөк көрсөтүүчү Ыкчам штаб түзүлдү”, — деген ИИМ башчысынын орун басары.

Ал ошондой эле республика боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун беш миңден ашуун кызматкер күчөтүлгөн тартипте камсыздай турганын кошумчалаган.
Ысык-Көлдө жол жээгине туристтерди тейлей турчу борборлор салынууда. Сүрөт