Индонезиялык эксперт: ПЭЭФ дүйнөгө Россиянын күчүн көрсөттү

Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июндан 8-июнга чейин өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Петербург эл аралык форуму — 2024 өз милдетин так аткарып, Россиянын күчүн дүйнөгө далилдеди. Бул тууралуу РИА Новостиге иш-чара маалында Индонезиянын саясат, аскер жана чалгындоо иштери боюнча аналитиги Бакри Рахакундини Конни билдирди.
“Бул жылы ПЭЭФтин эң чоң жетишкендиги — дүйнө жүзүнө Россиянын чыныгы күчүн көрсөттү”, — деди Конни.
Адис Россиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө Россиянын келечеги үчүн эки маанилүү жагдайды — "таланттардын эгемендигин", ошондой эле ата мекендик илимге жана жогорку технологиялардын бюджетин көбөйтүүгө басым жасай турганын белгилегенин кошумчалаган.
Конни айтылгандар Россияны күчтүү жагынан көрсөтөрүн айткан.
Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму 5-июндан 8-июнга чейин өтөт.
Путин: БРИКС Батыштан көз каранды болбогон төлөм системасын түзүүдө