Петербург форумунун катышуучулары былтыркыга салыштырмалуу көп болду

Быйыл иш-чаранын башталышында 120 мамлекеттин өкүлдөрү келди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Петербург эл аралык экономикалык форумуна (ПЭЭФ) катышкандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу быйыл төрттөн бирге өстү. Ал эми иш-чаранын алгачкы үч күнүндө ага 120дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу РИА Новостиге "МTC Travel" сервисинин адистери өздөрүнүн маалыматына таянып билдирди.
“Бул жылы форумдун алгачкы күндөрүндө 2023-жылга салыштырмалуу катышуучулар 25 пайызга көп. Быйылкы иш-чаранын башталышында 120 мамлекеттин өкүлдөрү келди. Мында Кытай, БАЭ, Катар, Беларусь, Казакстан жана Египеттен делегаттар көп келген”, — деп жазылган изилдөөдө.
ПЭЭФке Россиянын ар кайсы субъектисинен да катышуучулар келген. Анын ичинде петербургдуктар өздөрү жана Москвадагы аймактардын жашоочулары активдүү катышууда. Жалпысынан форумдун биринчи күнүндө 18 миң киши катышкан.
Аналитиктердин баамында, иш-чара маалында шаардагы мейманканаларга келгендердин саны арбып, алар жашай турчу жерди бир нече күнгө брондогон.
Петербург эл аралык форуму 5-июнда башталган, 8-июнда аяктамакчы.
Ылдамдык маанилүү эмес! Путиндин Петербургда айткандарынын урунттуу учурлары