Радио

2040-жылга чейин Борбор Азияда суунун тартыштыгы дээрлик үч эсеге өсөт

Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев Борбор Азиядагы суу тартыштыгынын негизги үч себебин айтты.
Sputnik
Алдыңкы жылдары жердин климаттык системасынын температурасынын жогорулашынан улам климаттын өзгөрүшү, региондогу калктын санынын өсүшү жана Афганстан куруп жаткан Коштепа каналына байланыштуу Борбор Азияда суу көйгөйлөрү жаралат. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, суу тартыштыгы жана суу үчүн атаандаштык убакыттын өтүшү менен дүйнө жүзү боюнча барган сайын күчөйт. "Алдыңкы жылдары гидроресурстар жана суу проблемлары негизги маселеге айланары бышык. Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту 32 жылдан бери суу көйгөйлөрү боюнча иш алып барат.

"Биздин окумуштуулардын айтымында, бул таңсыктык токтобойт. Борбор Азиядагы суу тартыштыгынын негизги үч себебин карап көрдүм. Биринчиси климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу. 30 жылда Тянь-Шань тоолорундагы температура 1-2 градуска чейин жогоруласа, айрым жерлеринде андан да көтөрүлдү. Экинчи себеби калктын санынын көбөйүшү. Бул фактор да абдан маанилүү ролду ойноп, керектөөнүн көлөмүн өзгөрттү. Ал эми үчүнчүсү, геосаясий абал курчуп турган учурда Афганстан Коштепе каналын куруп жатат. Бул долбоордун айынан кийин маселе жаралышы ыктымал. Негизи 2040-жылга чейин Борбор Азияда суунун тартыштыгы дээрлик 3 эсеге өсөт", — деди Чонтоев.

Ошондой эле ал Борбор Азиядагы өлкөлөр сууну туура пайдалануу, бөлүштүрүү боюнча иштеши керектигин кошумчалады.